Биз социалдык тармакта

Орусияда кыргыз мигрантына кол көтөргөн прокурордун видеосу тарап, нааразычылык жаратты

Орусияда прокурор кыргыз мигрантын урган видео тарады.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Орусияда болгон жагымсыз жагдайга кескин реакция кылды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Карабахка бараткан жолдо таксистти сабап жаткан видеону көрүп, аябай ачууландым. Биз көп уккан этика жана маданият кайда? Жаман улут жок, жаман адамдар бар. Андыктан бул жаман адамдар кечирим сурасын.

Ошондой эле эң оор жумушту мигранттар жасарын эске салгым келет, андыктан боорукер болуңуз - эмгекти урматтаңыз. Бул эмоцияга туруштук бере албаган инсандарга тиешелүү.

Прокурор менен жардамчысы жазаланышы керек жана кечирим сурашы керек. Мен ишенем, Орусиянын жогорку жетекчилиги сөзсүз түрдө мыйзамдын чегинде чара көрөт", - деп жазган Молдокматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2021-09-11 00:13:43
Э өөл, колуң сынсын оозу бузук. Жалдырап кал мигранттарга.
+11
nurka_85
2021-09-11 03:41:21
Азамат бала экен, акырын видеого түшүрүп алыптыр. Бул окуя өтө чоң деңгээлдеги талкуу жаратты. Канчалаган мигранттар мындай мамилени ачыкка чыгара албай эле калып калышат. Өкүнүчтүү албетте, бирок , ушинтип өз укугунарды билип , көпкөн алкаштарды ордуна коюп коюш керек. Бул бала өтө грамотно жасады бул нерсени азаматсың, ишиңе ийгилик. Сактыкка кордук жок.
+9
almanbetperm
2021-09-11 10:07:40
Бул прокурордун жардамчысы ошол куну эле иштен айдалган, кечиримди сураган
+2
raikakyz
2021-09-11 13:19:57
Прокурор имиш, оозу кантет сасып.
+2
Asmat84
2021-09-11 13:45:59
Ушул Ассоль Молдокматова биздин көөп чиновниктерге караганда жакшы иштерди жасады биздин чиновниктер эч кимиси эч кандай реакция кылышпады ушул эжем депутаттыка барса колдойт элем
+5
Paprikafm
2021-09-11 14:24:13
Жириновскийге жеткирип койгула эми не дээр экен
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан