Күбө катары сурак берген Орозайым Нарматова кайрылуу жасады. Сурактан кийинки сүрөтү

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова ИИМге сурак берип чыккандан кийин билдирүү жасады. Айтымында, азыркы тапта ал туугандарынын үйүндө.

"Урматтуу мекендештер, мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буюрса, эртең менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга.

Буюрса, кененирээк эртең айтам, Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалат кылганым үчүн кечирим сурайм", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендигин айтты.

Кийинчерээк Нарматованын Өзгөндөгү үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү материалдарды Бишкек шаарына жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Андан соң ИИМдин маалымат кызматы Нарматова күбө катары сурак бергенден кийин бошотулганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
XATSAN125
2021-09-11 00:21:52
Биротоло жаагын жап кылыш керек эле
+7
nargiz-sa
2021-09-11 12:57:26
XATSAN125,жаба албайт, убагында азыркы пашаңар деле ошол Атамбаевди алкаш ж.б сөздөр мн айтып келген андай болсо экөөнүн беренеси бирдей каралыш кк
-4
Pankration_MMA
2021-09-11 13:07:49
XATSAN125,Кылган окшойт, өлүмүш болуп калыптырго)). Болбосо аэропорттон да кармайбы, мага кысым болтат деп дагы ажылдамакта)))
+4
Agayu
2021-09-11 00:52:19
Эми элдин психологиясын дагы олтуруп жэйт экенсинда. Тынч эле журчу :сен эле мигрант болгонсуп : ага да нараазысын: биз журобузго Кыргызстанга тынчтык керек деп.
+11
Antiradikal3
2021-09-11 07:52:03
Agayu, дакансалардын крышалары тайып калган да... Ким эле мигрант болгонуна ыраазы болуп кубансын, силерден башка... Сабатсыз колхоздор шефтерине окшогон.........
-2
al-abu-kinesz
2021-09-11 01:41:54
Мен тааныгандардан эч ким кыжаалат болгон жок.
+22
Noon
2021-09-11 10:13:56
Адахандан башка эч Ким кыжаалат болгон жок.
+10
Asmat84
2021-09-11 13:36:43
Кыйла эле сурактын азабын тарткан окшойт. Өң алеттен кетип калыптыр. Мурунку эле бийликтин системасы иштеп жатат эч бир жаңыланууну көрбөй жатабыз
-4
Kuban-1207
2021-09-11 19:36:09
Камасын акмакты
+1
Nursul
2021-09-11 20:00:28
Булардын суракка чакырылды сурактан чыкты деген сүрөттөрү эч кимди кыжаалат кылбайт ко деп ойлойм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан