Ошто COVID-19, ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү марафону өтүп, ага 300 адам катышты

Ош шаарында COVID-19, ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү марафону өтүп, ага 300 адам катышты. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалдык программанын алкагында бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарында жаштар үчүн марафон өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары веложол менен Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чейин чуркашты. Анда акциянын жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына баалуу белектер тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова муниципалдык органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар биргеликте жүргүзүп жаткан жаштардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан