Биз социалдык тармакта

Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча: БШК тийиштүү органдар калыс иликтөө жүргүзөт деп ишенет

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча комиссия билдирүү таратты.

БШК жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер кирбейт. Партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө БШК кийлигишкенге укугу жок, кийлигишпейт.

Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзүшөт жана партиянын өз курултайында бекитишет.

Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдай БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок.

БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан