Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жарыялады. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.
Мыйзамдарга ылайык, шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:
Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизденди.
Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20 пайыз шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлөт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:
Облус |
Шайлоочулардын саны |
Округдардын саны |
Бишкек шаары |
428 599 |
4 |
Ош шаары, Ош облусу |
898 569 |
9 |
Баткен |
305 053 |
3 |
Жалал-Абад |
686 364 |
7 |
Талас |
163 109 |
2 |
Чүй |
609 774 |
6 |
Нарын |
209 101 |
2 |
Ысык-Көл |
316 572 |
3 |
Бардыгы: |
3617141 |
36 |