Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов 11-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Эшимовдун баш коргоо чарасы кечээ, 11-сентябрда каралган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна 11-ноябрга чейин камакка алынды.
Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган.