Баткенде чек ара окуясында жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн калыбына келтирилген шаарчанын ачылыш аземи болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 16-сентябрга белгиленди. Ачылыш аземинде кыргыз эстрадасынын ырчысы Мирбек Атабековдун чакан концерти орун алат.