Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Мектепти оңдоп-түзөө иштерине акча чогултулуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт" дешти тийиштүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, мектепте оңдоп-түзөө иштери үчүн ата-энелерден акча чогултулуп жатканын айткан.

Жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №46 мектептин директору Гүлнар Сматовадан түшүнүк кат алды. Анда ал чыккан маалымат чындыкка дал келбестигин, окурмандан тактоо үчүн кайсы класс, класс жетекчисинин аты-жөнүн жазышын же болбосо түздөн-түз директорго кайрылуусун суранган. Мындан тышкары аталган мектепте жаңы окуу жылына карата коррупцияга каршы же бул боюнча жоопкерчилик жөнүндө буйруктары чыгарылып, мектеп жамааты тааныштырылган", - деп билдиришти билим берүү башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2021-09-13 10:10:07
Албетте бир адамдын аты ачыкка чыкпаса какшаганың бекер
0
Asmat84
2021-09-13 11:11:29
Китепке деп 200 сомдон чогултуп бердик го 5- класстарга ушул мыйзамдуу элеби? Билип бергилечи сураныч
0
Rusbayastan
2021-09-13 12:57:41
Силерде бут эле нерсе чындык ка дал келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан