Бүгүн, 13-сентябрда жаңы окуу жылына даярдыктар боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, вице-мэр Виктория Мозгачева жана башкалар катышууда.
Жыйында билим берүү мекемелеринде таза абада линейка өткөрүүгө уруксат берилери айтылды.
"15-сентябрда мектептерде ачык асман алдында, таза абада линейка өткөрүүгө болот", - деп билдирди Жусупбекова.
Ошондой эле класстарда санитардык нормалардын сакталуусу талап кылынат. Анда классты таза кармоо, тез-тез жууп, тазалап туруу керек.