Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехтин үйүнөн алтын куймалар жана таңгакталган долларлар табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вице-президенттин үйүнөн 6 жарым миллион доллар жана 18 алтын куйма табылган. Анын байлыгын "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү таап алган.
Буга чейин дагы Ооганстандын президенти Ашраф Гани алып чыкканга үлгүрбөй калган делген баштыктагы АКШ долларларынын видеосу тараган.
17-августта Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех ооган Конституциясына таянып, өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялап, элди талибдерге каршы күрөшүүгө чакырганы маалымдалган.