Биз социалдык тармакта

"Ош базарында" адашып кеткен 8 жашар баланы милиция кызматкерлери таап беришти

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү Бишкек ШИИББи боюнча "Ош базарына" бөлүнгөн милициянын жөө кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда шаар тургуну кызматкерлерден жардам сурап кайрылган. Анда 2013-жылы туулган Д. аттуу баласын "Ош базардан" жоготуп алгандыгын, азыр издеп таппай жүргөндүгүн кабарлаган.

"Ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Эркиндик бульвары менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн баланы таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен. Өз кезегинде баланын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2021-09-13 21:02:19
Ай иии десе! Катуу иш кылышкан турбайбы. Данк Сиздерге.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан