Кыргыз кызы "Орёл и Решка" көрсөтүүсү каткан 100 долларды тапты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
3 күн мурун "Орёл и Решка" тревел-шоусу Кыргыз жергесинде тартылган көрсөтүүсүн жарыялаган. Көрсөтүү өлкөнүн түштүк аймагында тартылган. Берүүнүн алкагында алып баруучу 100 долларды бөтөлкөнүн ичине катып, көрүүчүлөргө таап алууну сунуштаган.