"Облуста билим берүүнүн көрсөткүчү салыштырмалуу жакшы эмес". Ошто жаш мугалимдерге жер тилкелеринин, батирлердин сертификаттары тапшырылды

Ош облусунда жаш мугалимдерге жер тилкелеринин жана батирлердин сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашат.
Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси болуп, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов баяндама жасады.
"Ош облусунда билим берүү боюнча көрсөткүч салыштырмалуу жакшы эмес. Биздин облустун окуучулары предметтик олимпиада, жогорку окуу жайларда алдыңкы орундарга ээ болушу үчүн сиздер сапаттуу билим бериңиздер. А мен сиздерге жана билим берүү тармагына шарт түзүп берүүгө күчүмдү жумшайм. Ошондуктан баарыбыз биргеликте облустагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө аракет кылалы", - деди Зиядин Жамалдинов.
Ош облусунун башчысы жаш мугалимдерге акчалай сыйлык, жер тилкелерин жана батир алууга сертификат тапшырып, мындан ары жаш мугалимдерге да өзгөчө шарт түзүлөрүн билдирди.
"Мындан ары биз жаш мугалимдерди турак жай жана батир менен камсыз кылуу, аларга шарт түзүп берүү боюнча жумуштарды алып барабыз", - деп кошумчалады президенттин облустагы өкүлү.
Мындан сырткары билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоого кошкон салымы жана жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдер Ардак грамота менен сыйланды. Ал эми жаш мугалимдер арасындагы өзгөчөлөнгөн окутуучуларга жана жаңы окуу жылына сапаттуу даярдалган билим берүү мекемелерине акчалай сыйлык, Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган окуучулардын мугалимдерине 10 миң сомдон тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2021-09-14 18:15:41
Жакшы жаңылык
+2
Sajakat14
2021-09-15 03:33:12
Мугалимдерди биринчи кезекте ойлош керек эле. Өнүгө турган мамлекет биринчи кезекте мугалимдерине шарт түзөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан