Биз социалдык тармакта

Жумгалда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери каза болду

Нарын облусунун Жумгал айылынын тургуну,​ Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери​ болгон Токон​ Мурсалиев 97 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токон​ Мурсалиев Жумгал району боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери болчу.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына​ Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев катышып, чакан митинг болуп, асманга ок атылган.

Токон Мурсалиев​ 1924-жылы Жумгал районуна​ караштуу Куйручук айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1943-жылдын 18-майында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Алгач Казакстандын Караганда шаарында кенже командирлерди даярдоочу 6 айлык курсун бүтүрүп лейтенант наамын алып, биринчи украиналык фронттун жоокерлеринин катарында согушка кирген. Токон​ Мурсалиев Калининград шаарына чейин барып,​ душмандар менен мекенин коргоо үчүн салгылашкан. 1946-жылы аскерден мекенине капитан наамы менен кайтып келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Токон Мурсалиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан