Биз социалдык тармакта

Борбор Азия, АКШ жана Пакистандын аскерлери Нур-Султанда Ооганстандагы абалды талкуулашты

Борбор Азия, АКШ жана Пакистандын аскерлери Нур-Султанда Ооганстандагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирүү таратты.

"Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Пакистан, АКШ, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү региондогу коопсуздукту, анын ичинде Ооганстандагы абалды талкуулашты. Конференциянын катышуучулары ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелерин, ошондой эле регионалдык структуралардын, анын ичинде Жамааттык коопсуздук Келишим уюму менен Шанхай кызматташтык уюмунун региондун коопсуздугун камсыздоодогу ордун талкуулашты", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын келечегин жана багыттарын аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан