"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап келген Аруузаттын атасына 15 миң 600 АКШ долларын берди. Бул тууралуу балбан социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн мен Аруузат карындашыбыздын атасына 15 миң 600 долларды тапшырдым, бул сумма аукциондук төлөмдүн жалпы суммасынын 60 пайызын түзөт. Калган 30 пайызы "Апаке" фондуна, 10 пайызы Ак илбирсти коргоого жумшалат", - деп жазды Акжол Махмудов.
Акжол Махмудовдун "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында кийген трикосу 26 миң долларга сатылган.