Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдө жаңы окуу жылы старт алды. Учурда борбор калаада жайгашкан мектептерде салтанаттуу линейка өтүүдө.
Анда окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа окуучуларга, ата-энелерге тартууланды. Ошондой эле линейкада алгачкы коңгуроонун үнү жаңырып, 11-класстын окуучулары атайын даярдаган белектерин 1-класстын окуучуларына тапшырышты.
Окуучулар көптөн күткөн линейка жагымдуу маанайда уланууда.
Белгилей кетсек, быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуу жылы 15-сентябрда башталды.
Мындан сырткары мугалимдердин 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алганын Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкан.