Быйыл Ош шаарында 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды

Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде билим күнү белгиленди. Шаар мэри Алмаз Мамбетов №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп лицейинде болгон майрамдык иш-чарага катышып, мугалимдери, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
"Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде жаны окуу жылы салттуу окутуу формасында башталып, окуучулардын кубанычында чек жок экендиги байкалып турат. Бул күнү башкалардан өзгөчө майрамдык маанайды мектепке биринчи кадам таштап жаткан жаш жеткинчектер сезет. Ушул жаркыраган мектепте окуган ар бир күнүңөрдү текке кетирбей, татыктуу билим алууга умтулуп, жашооңордун пайдубалын бекем түптөгүлө", - деди Мамбетов.
Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар. Шаар боюнча 3 277 мугалим эмгектенет.
2021-2022-окуу жылынын 15-сентябрына карата электрондук кезек аркылуу 1-класстарга 7369 окуучу кабыл алынды. Мамлекеттик жана менчик мектептерге кабыл алынган окуучулардын так саны 20-сентябрга чейин аныкталат.
Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан