Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий эмес банкетине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Тажикстандын президенттик администрациясы расмий сайтына жарыялаган.
Маалыматка ылайык, банкет ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын катышуучуларынын урматына уюштурулган.
Сый тамак тажик президентинин резиденциясында уюштурулган. Анда президенттер кечки тамактан сырткары айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүнө күбө болушту.