Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан абакка которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, учурда абалы туруктуу.
Буга чейин ал Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Сатыбалдиев эмнеден улам ооруканага жаткырылганын такташкан жок.
Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттолуп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Былтыр жүрөгүнө операция жасалганы кабарланган.