Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасы себеп. 120 кыргыз студенти окуусун уланта албай жатканы маалым болду

Бүгүн, 17-сентябрда коомдук уюмдардын өкүлдөрү Тажикстандагы кыргыз студенттер окуусуна келе албай жатканына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүштү.

Алардын айтымына караганда, Тажик Республикасынын аймагында Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жана башка аймактарда 360 миңден ашуун кыргыз боордошторубуз жашайт. Алардын ичинен 120дан ашуун студент Кыргыз жергесинде билим алышат. Кыргыз-Тажик чек арасы жабык болгонуна байланыштуу 15-сентябрда студенттер чек арадан өтө албай калышты.

Жыйындын катышуучуларынын бири Зайнидин Тагаев: "Чек ара эки тараптан тең ачылбай, 120дан ашуун студент окуусун уланта албай жатат. 84 окуучу гана кайрылды. Калгандары интернет жок болгонуна байланыштуу кайрыла алышкан жок. Алар жайкы каникулга кетишкен. Жол жабык", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aybiyke
2021-09-17 11:49:37
Не кылыш керек ошондо чек араны ачсын дегени турасынарбы мээнер жок экен ачык айтайын акча жейалбай калдынарбы
+8
AdylbekB84
2021-09-17 14:10:40
Через Өзбекстан өтүп келе беришсиндер!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан