Биз социалдык тармакта

Сыйпалап таппайсың... Бишкектеги стадионго топтолгон 500дөй адамдын кайда кеткени азырынча белгисиз

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көпчүлүк чогулуп жатат деген маалыматтар тараган. Ошондой эле 500дөн ашык адам чогулганын күбөлөр сүрөткө тартып, атүгүл сыртта аларды 2 автобус күтүп жатканын айтышкан. Мындан тышкары чогулгандардын кээ бирлери "Элдик кошуун" деген жазуусу бар кийим кийип алышканын маалымдашкан.

Маалыматты тактоо максатында SUPER.KG порталы аталган стадионго барып, ал жерде эч ким жок экенине күбө болду.

Стадиондо жүргөн адамдардын айтымында, 500дөн ашуун адам чогулганын жана алар тарап кетишкенин билдиришти. Бирок алар кайда кетишкенин, кимдер чогулганын билбей тургандыгын кошумчалап өтүштү.

Ошондой эле милициянын кайгуул кызматкерлери аталган маалымат боюнча стадионго келишкенин айтышты.

Таң эртелеп адамдардын массалык чогулуусу, бир саат ичинде алардын тарап кеткени боюнча Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2021-09-17 12:55:29
Бийликтин дакансалары да, если оппозицияныкы же башканыкы болгондо стадионго киргизмек эмес.
+1
make2
2021-09-17 18:05:31
bond02,эң туура айттың
+4
Baiaman997
2021-09-17 18:44:03
bond02,алар Атамбаевдин кой-таштагы уйуно кетишти,юбилейин белгилегени
-2
ainura220888
2021-09-17 13:21:13
Кайра кайра митинг кыла бербей котунорду кысып жашагылачы. Жадатынар. Чыкбасын камактан бийлик басып алам дегендер. 1 жыл боло элек иштегенине. Иштесинда.
+13
Antiradikal3
2021-09-17 23:29:51
ainura220888, сен озун да кысссыып отурчу, ичкен жугундунду актайын деп бийликтин арыгын чаба бербей.......

Бир жылда кыйратпаган эми кыйратабы? Иштесин деп журуп Кыргызстанды талкалагыча куто туралыбы? Ансыз да аз жерден канча канча сууларыбыз жерлерибиз коншуларга отуп кетээрине.....

Тажиктерге кыр корсотом деп журуп 36 адамдан ажырады, же ошончо болуп катылгандын катышын берууго жарабады.....

Сендей дакансалар Кыргызстанды тунгуюкка алып барасынар колхоз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан