Биз социалдык тармакта

Акыркы жылдары өз каалоосу менен аскердик кызмат өтөөгө келген жигиттердин саны өсүүдө

Акыркы жылдары аскерге өз каалоосу менен келген балдардын саны артууда. Бул тууралуу Республикалык аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник Нурбек Танабаев билдирди.

"Акыркы жылдарда өз каалоосу менен аскердик кызмат өтөө үчүн келген жигиттердин саны артууда. Мисалы 1990-жылдары аскердик комиссариат айылдардагы балдардын артынан чуркап жүрүп алып келчү. Ал эми 2000-жылдары турмуш шарт бардык аймакта начарлап кеткендиктен, көпчүлүк балдардын ден соолугунда көйгөй жаралып, аскердик кызматка келгендердин саны аз болуп жаткан. Азыр баары жакшы. Балдардын ден соолугу чың. Аскердик комиссариатта жасалган текшерүүнүн жыйынтыгында басымдуу бөлүгү талаптарга жооп берери байкалууда", - деди ал.

Ошондой эле "Скорпион", "Бөрү" же "Пантера" сыяктуу атайын кызматтарда кызмат өтөөнү каалагандардын саны өтө көп болуп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2021-09-17 13:30:40
Азаматсыңар балдар, жаш улан жигиттерибиздин жүрөгүндө патриоттук сезимдер күч алганы байкалууда
+3
ainura220888
2021-09-17 13:32:27
Азыр военный билет болбосо ишке албасанар ошода) чуркашатда оздору. Менин инимда барып нац. Гвардияда служба кылып келген. Командирине водитель эле
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан