Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл менен Чүйдө жайкы сезондо 5 миңден ашык айдоочу жол эрежесин бузду

Ысык-Көл жана Чүй облусунда 5 миң 422 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлдан 15-сентябрга чейин, жайкы туристтик сезон учурунда кошумча күч иретинде Ысык-Көл жана Чүй облусуна иш сапар менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери барган.

"Мас абалында унаа башкарган 106 айдоочу аныкталып, 1 миллион 855 миң сом айып салынган. Коопсуз курун тагынбай айдаган айдоочулар 3 миң 805 болсо, башка жол эрежелерин бузгандар 1379ду түзгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан