Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 5-октябрга дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 5-октябрда саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөрү белгиленди. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри берилген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулду.
Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.