Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында орточо эсеп менен 1900 даана коомдук унаа каттамга чыгууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгына байланышканыбызда белгилүү болду.
1900 даана коомдук унаалардын ичинен:
Муниципалдык автобустар - 89;
Муниципалдык троллейбустар - 128;
Менчик автобустар - 89;
Менчик кичи автобустар - 1594.
"Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин газ менен жүрүүчү экологиялык автобустары өлкөгө алып келинген.
2022-2023-жылдары газ менен жүрүүчү 700 даана автобус алып келүү пландалууда", - деп билдиришти аталган кызматтан.