Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 190 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты."Бүгүн, 17-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 190 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 359 метр куб, агып чыгышы 254 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 16-сентябрда суу сактагычта 12 миллиард 181 миллион метр куб суу бар болчу.