Биз социалдык тармакта

"Сүйүнчү бергиче караган эмес". Төрт кыздын апасы төрөттөн кийин каза болду. Үй-бүлөсү дарыгерлерге нааразы

Бибигүл Равшанбек кызы 22 жашында 31-май күнү төрөттөн кийин каза болду. Анын артында 4 кызы калды. Күйүттөн көз жашы токтобой жаткан апасы күлгүндөй курактагы кызынын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду дейт.

"Кызым №6 төрөт үйүндө көз жарган. Төрөгөндөн кийин үч саат мени карабай коюшту деп айткан мага. Палатага чыгаргандан кийин дагы ооруп жатам деп телефон чалды. Дарыгерлер карабай жатканын айтты. Сүйүнчүсүн бергиче карашпаптыр. Анан 300 сом алгандан кийин жакшы элесиң бара бер деп үйгө кетирип ийген", - деп ыйлады маркумдун апасы.

Бибигүл Равшанбек кызы Мамбет Мамакеев атындагы ооруканада каза болгон.

Толугу менен видеодон көрүңүз.

"Сүйүнчү акчасын бергенге чейин дарыгерлер кызымды карабай коюшкан" дейт төрөттөн кийин көз жумган келиндин апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ozgocho111
2021-09-17 23:29:56
22 жашында 4 кыз, ...эмне анча жаш , удаасынан тороду экен.Байкуш организм.
+12
Erlan_95
2021-09-18 00:19:01
Ииии байкушум(((
+6
Aimani
2021-09-18 01:41:46
Ошондуктан жылда тороп кыйналбагыла кыз келиндер.Организм калыбына келиш керек,эс алыш керек.байкуш келин жылда торогон учун да слабый болгон да.врачтарга болсо соз жок акмактар.адам болуш керек да.акча деп эле олуп калышты азыр.температура менен кантип чыгарат роддомдон.темп.бар значит Кан калып кеткен маткада.аппендицит деп операция кылгандар да келесоо.кече торогон келинди кыйнашып.Жакшы карап эле тазалап коюшканда байкуш олбойт эле,торт кичинекей наристе жетим калбайт эле.
+7
Nursul
2021-09-18 11:02:02
Aimani, туура айтасыз ошон үчүн Ислам шариятыбызда баланы 2,5 жашка чейин эмгизгиле делинген да, андан ашканы арам.
+4
egemberdievagulbara
2021-09-18 02:07:59
Ушул роддомдо иштеген врачтардын баарыны бир кун кудай ото катуу жазалайт. Акча деп эле ачка калган немелер ушулар. Баткенде канчасы отуп кетти тороттон, врачтар карабай койушканда.
+11
JaneEr
2021-09-18 11:15:56
Озунор деле билип акча кармата койбосонор ушундай азыр,тан калбайм.Удаа торобой витамин жеп озун караш керек аял.Жаткан жери жайлуу болсун
+2
IOA
2021-09-18 13:20:27
Акчан жок болсо ооруканада сени эч Ким карабайт
+2
Goodyer
2021-09-19 14:01:21
Анча мынча больницанын адамдары тилемчиден айырмасы жок адамдык сапатты жонотуп койушкан. Конечно бардыгы эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан