Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 11 жаштагы Алинур Мураталиев табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 18-сентябрь күнү табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.
Буга чейин Мураталиев 16-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Келечек жаңы конушундагы №87 мектептен чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.