18-сентябрда Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын аппараты, шаардык кеңештин эмгек жамааты, шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, журналисттер активдүү катышты.
Ишембиликтин жыйынтыгында 2100 куб метр таштанды чогултулганы маалым болду.