Орхан Инандынын паспорт алышы: Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды

Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы Орхан Инандыга жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп бүттү. ШИИББдин маалымат кызматынын билдиришинче, сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу) жана 319-беренеси (коррупция) менен жүргүзүлгөн.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн бир катар документтер жасалмаланып, бардык бланкттар олуттуу мыйзам бузуулар менен түзүлгөн. Түркиянын 3 жараны Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирген дагы эмес, калган жетөө Кыргыз өлкөсүнө келип, паспортторду алгандан кийин дароо өлкөдөн чыгып кетишкен. Ал он адам тең Түркияда террордук уюм деп таанылган «FETO» кыймылынын тизмесине буга чейин киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргыз жарандыгын берүү иштерин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген", - деп жазылат ШИИББдин маалыматында.

ШИИБден белгилешкендей, тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип жатканы туурасында төмөнкү адамдарга билдирме жөнөтүлгөн:

М. Пратовага,

Т. Сарпашевге,

Б.Табалдиевге,

Ф. Ниязовго,

А. Атамбевге,

С. Исаковго,

Д.Сатыбалдиевге,

Э. Апиловго,

Г. Бердигуловага.

"Мындан тышкары Сапар Исаков менен Бусурманкул Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. 2021-жылдын 15-сентябрында Алмазбек Атамбаевге Кылмыш кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген. 16-сентябрда болсо Атамбаевге карата айыптоо актысы чыгарылып, ушул эле күнү кылмыш иши Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү", - дешти шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kg2020
2021-09-19 07:23:27
Еврей
+4
Asmat84
2021-09-19 11:19:46
Сапар Исаковго мурда эле издөө жарыяланды эле го уят эле бир адамды бир мамлекет таба албаса. Азыркы заманда сразу эле тапканга мүмкүнчүлүк бар го
+3
Tursunbaev1978
2021-09-19 15:03:53
Asmat84,биринчи федеральный розыск жарыялайт,6 айда кармалбаса,международный розыск жарыялайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан