Президент Садыр Жапаров коомчулукту вакцина алууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн Кыргыз өлкөсүндө 69 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды. Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Вакцина алыңыздар", - деп жазды Садыр Жапаров.