Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында жарым марафон өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Алымкадыр Бейшеналиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп: "Мындай иш-чаралар майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштырат. Алар бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктарды камсыз кылуу үчүн калктын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамилесин өзгөртөт", - деди.
Марафонго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жарандар катышты. Жарым марафондун жыйынтыгы боюнча, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле марафондун бардык катышуучуларына белектер тартууланды.