Кыргыз өлкөсүндө жашаган атасын издеген өзбекстандык Найле Вачнадзе кайрылуу жасады. Ал билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, атасын табууга жардам сурады.
Айтымында, атасы Вачнадзе Константин Шалвович 1940-жылы 9-майда төрөлгөн. Ал Кыргыз өлкөсүндө жашайт, андан башка маалыматы жок. "Атам карылар үйүндө жашашы мүмкүн" деген ал.