Биз социалдык тармакта

Таалайбек Сарыбашов менен Алмаз Мамбетовдун сүрөтү. Алар кайдан жолукту?

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун иш-чарада чогуу жүргөн сүрөтү тарады.

Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына мэр болуп келгенде анын кеңешчиси болуп дайындалган Азамат Абсаттаров Сарыбашов азыркы тапта алдыда өтө турган парламенттик шайлоого даярданып жатканын айтты.

"Азыр шайлоого даярданып жатат. Бирок кайсы партия менен бара турганы жана башкалары белгисиз", - деди Абсаттаров.

Ал эми жогорудагы сүрөт кечээ, 19-сентябрда Ош шаарында ачылган эс алуучу жайлардын бириндеги иш-чарада тартылганын кошумчалады.

Таалайбек Сарыбашов 10 күн Бишкек шаарында мэр болуп иштеп, андан соң парламенттик шайлоого аттана турганын айтып, кызматтан өз арызынын негизинде кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
IOA
2021-09-20 15:00:27
Сарыбашев дагы жеген экенда
-5
Samash-87
2021-09-21 00:03:15
Мамлекеттик иште иштебей бош жүрсө,каалаган жерде каалаган адам менен жүрөт да,Мэрликтен кеттим деп эле көчөгө дагы чыкпай койсунбу эмне?
+5
zhaynak
2021-09-21 11:00:37
Булар мамлекеттик ишмерлер. Эл козуно улгу болчу инсандар. Классикага басым жасашса жакшы болмок. Футбол ойногону келгенсибей.
-2
Tursunbaev1978
2021-09-21 21:54:42
zhaynak,кийген кийимине дагы киришесиңер,булар официалдуу иш чарада жолуккан жокко,каалагандай кийинет
+2
Aidar.001
2021-09-22 00:40:30
Суротко тарткан адамды Нурбек байкап калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан