Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында медицина тармагына каражат бөлүп берүүнү суранды.
"Былтыркы жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүү иштери 77,8 пайызга аткарылды. Ал эми 2021-жылга алдын ала божомол менен 618 миллион сом бекиткен. Бирок иш жүзүндө керектөөлөр 756 миллион сомду түздү. Биз жылдын аягына чейин каражат күтүп жатабыз. Ошондуктан бөлүнгөн каражаттын суммасын 506 миллион 450 миң сомго көтөрүп берсеңиздер", - деди министр.