18 жаштагы Тимур Бекмансуров Пермь крайындагы изилдөө университетине ок атууга кеминде 6 ай даярданган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, Бекмансуров март айында курал сатып алууга жетиштүү акча чогултуп, 18 жашка толгондон кийин лицензия алуу жол-жобосун баштаган. Ал аскердик курал сатып алууда керектүү тастыктаманы алуу үчүн арыз жазып, комиссиядан өткөн.
Апрель айында - куралдарды коопсуз колдонуу боюнча тренингден өтөт. Лицензия алып, мылтыкты сатып алган;
Май айында - курал сактоого жана аны алып жүрүүгө уруксат алат;
Июль айында - ок атуучу жайларда машыгууларды өткөргөн;
Август айында - ок-дарыларын сатып ала баштаган.
"Ал ок чыгарууну өзү окуп кеткен мектебинде жасоону чечкен. Бирок ыңгайлуу деп Пермдеги изилдөө университетин тандаган", - деп жазылат басылмалардын маалыматында.
Бекмансуровдун ок чыгаруусунан 8 адам каза болуп, 24 адам жаракат алды. Учурда Бекмансуров оор абалда деген маалыматтар дагы бар, мындан тышкары анын өлтүрүлгөнү да маалымдалып жатат. Тергөө комитети "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин өз учурунда кол салуудан каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтты.