Бүгүн, 20-сентябрда Баткен облусундагы бир катар ишкерлер сыйланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкерлерге сыйлыктарды президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тапшырды.
"Облустун социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө жана жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда кошкон салымы үчүн бир катар ишкерлерге облус башчысынын Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары тапшырылып, ишкерлердин мындан ары да өнүктүрүүлөрүнө тилектеш экендиктери айтылды", - деп жазылат маалыматта.