Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Владимир Путинге Пермь шаарындагы адам өмүрүн алган окуяга байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Пермь мамлекеттик университетинде адамдардын өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге жана Орусия элине көңүл айтты. Бул туралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун кесепетинен адам курмандыктары орун алган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайышын каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын теллеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан