SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө орус тилинде сүйлөгөн туристтин видеосу жарыяланды. Анда ал Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышы жана элдин пейили тууралуу айткан.
"Бир аптадан бери Кыргыз өлкөсүндө жүрөм, күндөн күнгө бул өлкөгө сүйүүм артып жатат. Дарыялар, шаркыратмалар, бийик тоолор анан албетте ачык-айрым, боорукер эли. Бул ажайып өлкө, кайра-кайра келгиң келет. Мен бул өлкөдөн алган таасирлеримди сөз менен жеткире албай жатам, кийин дагы келем деген үмүттө турам", - деген ал.
Социалдык тармактарга интернет колдонуучулары аталган видеону сыймыктануу менен бөлүшүп, бул Орусиядан келген турист болушу мүмкүн деген ойлорун жазышууда.