Алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков тил каттын негизинде бошотулду. Биринчи Май райондук сотунан кабарлашкандай, кечээ, 20-сентябрда Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды. Ал "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргенин УКМКдан кабарлашкан.