Биз социалдык тармакта

1 миллион 400 миң сомго блогерлерди жалдоо боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Буга чейин республикалык иммундук профилактика борбору полиомиелитке каршы вакцина менен эмдөөнү социалдык тармактар ​​жана пабликтер аркылуу коомчулукка жайылтуу үчүн блогерлерди 1 миллион 400 миң сомго жалдай турганы кабарланган. Талкууга алынган маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирүү жасады.

Белгилүү болгондой, иммундук профилактика борбору ушул жылдын 20-сентябрында эмдөө жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (GAVI) долбоорунун алкагында полиомиелитке каршы вакцинаны (IPV) алуунун маанилүүлүгүн жайылтуу боюнча тендер жарыялаган.

"Тендерге ылайык, жок дегенде бир жолу сүрөт, видео тартуу, 1 жылдык мөөнөткө келишимди (сатып алуучу уюмдун талабы боюнча 12 айдын ичинде) түзүү пландаштырылууда. Келишимде вакцинациялоо иши, ошондой эле жарнамаларды жасоо, медиага таасир эткен адамдар менен түз берүүлөрдү алып баруу каралган. 2021-жылдын 30-августунда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 21-берененин 3-пунктуна ылайык, сатып алуучу уюм ар бир берене боюнча түздөн-түз корутунду ыкмасы менен 5 миллион сомго чейин сатып алууларды жүргүзө ала тургандыгы жазылган", - дейт борюлордун директору Гүлбара Ишенапысова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-09-21 14:13:06
Мыйзамга такап, эптеп акча коротмой. Жон эле акча жемей. Элге жакшылык кылымыш болуп, элге жол корсотумуш болуп катып калмай. Тендерден бир компания 1200000 утту дейли. 10%тин б.а. 120000сомду тендер откоргон дакка сразу алып барып берет. Уже сатып алды. Эми тендершик каалаган сапатта жасай берет. Мына ушул нерсе Кыргызстанды жеп жатат туугандар.
+5
Belek1710
2021-09-21 15:19:04
Борюлордун директору 5млн дагыалгысы бар го!
+3
Antiradikal3
2021-09-21 20:14:02
Мына сага коррупция!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан