Биз социалдык тармакта

Венера Рыскулова Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды (өмүр баяны)

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон. Бүгүн, 21-сентябрда жаңы вице-мэр Ош шаарынын мэриясынын аппаратына тааныштырылды.

Өмүр баяны:

Рыскулова Венера 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында төрөлгөн.

- 2004-2010-жылдары "Фондрегистр" жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалы – директордун орун басары;

- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) тышкы соода жана отун-энергетикалык баланстын статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмү - башкы адис;

- 2014-2016-жылдары Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) колдонуучулар менен иштөө жана байланышты камсыз кылуу бөлүмү – бөлүм башчынын орун басары;

- 2016-жылы Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалыматтарды жайылтуу бөлүмүндө маалымат-катчы;

- 2016-жылы Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер жана экономикалык баланстар системасы бөлүмү - башкы адис;

- 2016-2017-жылдары өкмөттүн аппарат ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тобу (Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы) - башкы адис;

- 2017-2018-жылдары өкмөттүн аппарат чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү – референт;

- 2018-2019-жылдары өкмөттүн аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмү – референт;

- 2019-жылы өкмөттүн аппаратынын канцеляриясынын регламент жана өкмөттүн отурумун уюштурууну камсыздоо бөлүмү – референт;

- 2019-2021-жылдары өкмөттүн аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары сектору – референт;

- 2021-жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин - өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү - эксперт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2021-09-21 16:20:12
Оо эми камералардан этиятта, шефин чатак.
+4
777888
2021-09-21 19:07:42
bond02,)))))
0
Antiradikal3
2021-09-21 22:49:39
bond02, колу ойноп кетеби?.....)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан