Биз социалдык тармакта

Тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 22-сентябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27;

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан