Алдыда Билим берүү министрлиги. Мамлекеттик кызматкерлердин COVID-19га каршы эмдөө алганы боюнча рейтинг

Республикалык штаб мамлекеттик кызматкерлерди COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча мамлекеттик органдардын рейтингин түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлери эмдөөдөн өткөндөрдүн пайыздык көрсөткүчү 90,1 пайызга жетти. Социалдык жактан жоопкер мамлекеттик кызматкерлердин экинчи катарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери (82 пайызы вакцинацияланган), үчүнчү орунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери (77,4 пайыз) турат.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде да жакшы көрсөткүч катталган, анда кызматкерлердин 75,9 пайызы COVID-19га каршы эмдөө алган.

"Инвестициялар министрлигинде вакцина алгандардын саны – 61,8 пайызды түзөт, Экономика жана финансы министрлигинде (анын ичинде ведомствого караштуу түзүмдөрдө) 48,5 пайыз, Тышкы иштер министрлигинде – 44,8 пайыз, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 44 пайыз, Улуттук статистикалык комитетинде 45 пайыз кызматкер эмдөө алган.

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин 37 пайыз COVID-19га каршы эмделген, Улуттук банкта – 26 пайыз, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде – 25 пайыз эмделген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (24 пайыз), Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин (21,3 пайыз), Эсеп палатасынын (21,4 пайыз), Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (19,7 пайыз) кызматкерлеринин төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.

Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин (8,8 пайыз) жана Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин (7 пайыз) вакцина алуу көрсөткүчү эң төмөн", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 21-сентябрына карата COVID-19га каршы 1 миллион 300 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен 774 миңден ашуун адам эмделген, 571 миңден ашык адам экинчи доза менен эмделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан