Биз социалдык тармакта

Депутат комитет жыйынында "Яндекс" такси кызматын жабуу сунушун көтөрүп чыкты

Өлкөдө такси кызматын жүргүзгөн "Яндекс" компаниясы өзүнүн өкүлчүлүгүн ачып, мамлекетке салык төлөбөсө тез арада ишине чектөө коюш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Жыйында Кыргыз өлкөсүндө салык төлөбөстөн такси кызматын жүргүзүп жаткан чет элдик "Яндекс" компаниясына чара көрүү иши боюнча суроо узатылган.

Буга санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жооп берип, компания менен сүйлөшүүлөр ишке ашканын жана компания мындан ары электрондук патенти жок айдоочуларды тиркемесине каттабай турганын билдиргенин айткан.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов маселе таксисттердин салык төлөбөй жатканында эмес, "Яндекстин" өзү салык төкпөстөн иш алып барып жатканында экендигин айтып чыкты.

"Маселе "Яндекс" компаниясы салык төлөбөй жаткандыгында. Силер электрондук патент албаган айдоочуларды тиркемеге каттабайбыз деди деп кайра эле биздин жарандарга төлөткөнү жатпайсыңарбы. Өзүбүздүн такси кызматындагы жарандар күнүгө банкка барып акча төгүп жатышат. "Яндекс" болсо бир тыйын төлөбөйт. Алар өлкөдөн миллиондогон акчаларды алып кетип жатат. Алар мобилдик тиркемеси аркылуу 5000ге жакын таксистти алган.

Туура, компаниянын мобилдик тиркемеси абдан ыңгайлуу. Эл үчүн дагы бир топ жеңилдик түзөт. Бирок аларды да салык төлөөгө милдеттендирүү керек. 5000 таксисттин төккөн салыгын эсептесеңер, миллиарддаган сомго жетпейби?

Эгер компания өлкө аймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачпаса аны жабыш керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sakubek
2021-09-21 19:30:49
Туура жабыш керек
+12
Antiradikal3
2021-09-21 20:12:26
Салык толобогон ишкананы жабуу керек жана кайсы жылдан бери салык толобой иштеп келсе, ошончо жылда болжолдуу канча салык толонбогонун эсептеп чыгып, пениясы менен кошо ошол компаниянын мойнуна илуу керек карызды. Иштей турган болсо ошончо жылдык салынын толоп, анан башка компанияларчасынан салык толоп иштесин..........
+7
Tursunbaev1978
2021-09-21 20:46:53
Яндекс салык төлөсүн десе,айдоочулардын патентин айтатко бул министр,ушунчалык тупойбу,же Яндекстен акча жеп алганбы?
+7
Antiradikal3
2021-09-21 22:04:47
Tursunbaev1978, бул министрлер да алжып калган карышкырлар. Жапаровдун кайсы кадры абатай эле, бут эле озуно окшогон "колхоздорду" чогултуп алса........
+3
alym21
2021-09-21 21:12:15
Яндекстен жеп алышкан да жеп жутарлар.Озубуздун калкты талап тонойсунар да анан кандай эле чет жактан бироо келип салып толобой олчойгон акча таап жатса тымпыйыып отурганынарга танмын да.
+3
Antiradikal3
2021-09-21 22:12:06
Базарда отурган бири салык толобосо соода кылдырбай коюшат ага. Ал эми Яндекс канча жылдан бери ар ай сайын Окмотко ондогон жуздогон миллион сом салыкты толошу керек болуп толобой келсе, Окмот кормоксон, билмексен болуп отурат........
+5
Antiradikal3
2021-09-21 22:14:41
Катардагы бири кой уурдаса, ошол уурдаган бир койду 2-3 кой кылып кайтарып да 3-5 жылга камалып кетет. Андан оорусунбу соосунбу деп сурап да отурушпайт.

Ал эми бир миллион койдун акчасын уурдаган бири Окмотко жуз мин койдун акчасын толоп коюп, оорудум деп менчик ооруканада эс алып, ошондон ары акталып кете берет, 900 мин койдун акчасы аш болсун, кийин эч болбосо 30-40 мин койдун акчасын балдардан берип жиберсен эле болду деп шыбырап коюшат соттор аны актап жатып...
+4
Asmat84
2021-09-22 00:29:40
Ишенесиңерби Яндекс күнүнө Кыргызстандан 17млн сомдон ашык акчаны чыгарып кетет. Бул факт...
+4
Mister-XXX
2021-09-22 19:37:13
Өзүбүздө деле такси кызматтары бар го."Яндексти"заказ кылбай,"Жорго"өңдүү өзүбүздүн агрегаттарды заказ кылсанар боло оой кыргыздар!!Заказ болбосо,Яндекс өзү эле кетип калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан