Бишкекте гендердик теңчилик маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тең укуктуу өнөктөштүк маселеси боюнча конференцияга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда коомдук турмуштагы тең укуктуу өнөктөштүктү илгерилетүү үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр, аялдардын жана кыздардын курч көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомчулукту мобилизациялоо маселелери талкууланды.

Панелдик дискуссияга Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз өлкөсүндөгү АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Коултер, Кыргыз мамлекетиндеги Америка Кошмо Штатынын элчилигинин, USAID өкүлдөрү катышты.

Жылдыз Бакашова иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, гендердик теңчиликти камсыздоо, аялдар менен кыздардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилгелерди мындан ары да колдоого даярдыгын билдирди.

"Президент ар дайым коомдогу аялдын ордуна жана аялдарды колдоо боюнча долбоорлорду түзүү зарылдыгына басым коюп келет. Министрлер кабинети тарабынан гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү, анын курамына мамлекеттик органдардын жана коомдук, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. Кеңеш тарабынан гендердик теңчилик боюнча үч жылдык улуттук стратегия түзүлгөн", – деди ал.

Улуттук стратегия аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, функционалдык билим берүү системасын өнүктүрүү, басмырлоону жоюу жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда гендердик теңчиликке көмөктөшүү жана өлкөнүн саясий жашоосундагы аялдардын катышуусун жогорулатуу сыяктуу бир катар негизги компоненттерди өзүнө камтыйт.

"Мисалга, жергиликтүү кеңештердеги аялдардын көрсөтүлүшүн 10дон 38,7 пайызга, шаардык парламентте 18 пайыздан 28 пайызга жогорулашы биргелешкен күч-аракетибизге жараша мүмкүн болду", – деп кошумчалады Бакашова.

Мындан тышкары конференциянын алкагында “Жергиликтүү кеңештин эң активдүү депутаты”, “Эң активдүү долбоордун жетекчиси”, “Эң креативдүү жаштар ЖКУ” номинациялары боюнча сыйлык тапшыруу аземи өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан