Орусия Федерациясынын Оренбург облусунун "Донгуз" полигонунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин террорчулукка каршы аскердик командалык-штабдык «Тынчтык миссия – 2021» биргелешкен машыгуусунун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Маданият күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, кыргыз аскер кызматкерлери концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон кара жорго бийин топ болуп бийлешти.
"Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаӊырып, көрүүчүлөрдү кубантты.
Коноктор үчүн майрамдык кечки тамактануу уюштурулуп, кыргыз ашканасынын салттуу тамактарын камтыган боорсок, тандыр наны жана, албетте, беш бармак жана башка тамактар болду", - деп билдиришти атайын кызматтан.