Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Жарды өлкөлөргө вакцина жетишсиз болууда"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус жарды өлкөлөрдө жашаган калктын кеминде 10 пайызын коронавируска каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча максатка жетүү мүмкүн болбой турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кирешеси жогору өлкөлөр башка өлкөлөргө убада кылган 1 миллиард доза вакцинанын 15 пайыздан азыраагын берген. Аз жана орто кирешелүү өлкөлөр үчүн 2 миллиард доза талап кылынат. Вакцина 50 штатка, негизинен Африка өлкөлөрүнө жетишсиз. ДСУнун башчысы вакциналардын жеткирилишин көзөмөлдөгөн өлкөлөрдү жана компанияларды дары-дармектерди бөлүшүү убадасын аткарууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан