Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчиси студенттерге лекция окуду

Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Пекин университетинин студенттерине лекция окуду. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, элчи Пекин университетинин ректору жана студенттер менен жолугушту.

Тараптар билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуу, кадрлардын билимин жогорулатуу, студенттер жана окуу куралдары менен алмашууну талкуулашты.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Канайым Бактыгулова кыргыз, орус тилдерин окуган студенттерге лекция окуду.

Жолугушуунун соңунда элчи студенттер жана мугалимдер менен баарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан